04.04.2018 11:23

Чет өлкөдөн  мыйзамсыз жүк ташып келген  унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат

Чет өлкөдөн  мыйзамсыз жүк ташып келген  унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат

Чет өлкөдөн  мыйзамсыз жүк ташып келген  унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат. Бул тууралуу өзгөртүүлөр Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилүүдө.

Эгер  буга чейин айып өлчөмү 10 миң сомго чейин болсо, эми аны 50 миң сомго чейин көбөйтүү жагы каралууда. Бул тууралуу КР транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов билдирди. 

Министрдин айтымында, кыргыз жарандары чет жакка жүк ташууда мыйзам бузса, ири суммадагы айыппул төлөшөт. Ал эми жергебизде жүргөн чет өлкөлүк жүк ташуучулар үчүн салынып келген айып өлчөмү болоор – болбос гана каражатты түзөт. Ошондуктан, бул теңсиздикти жоюу  үчүн Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске  өзгөртүүлөр киргизилмекчи.